19:40
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Чычкан дарыясына түшүп кеткен автоуунанын эки жүргүнчүсү дайынсыз болууда

Чычкан дарыясына түшүп кеткен автоуунанын эки жүргүнчүсү дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, бүгүн саат 06.00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна кулады.

Унаанын ичинде 8 жүргүнчүнүн алтоо Токтогул райондук ооруканасына жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары тарабынан жеткирилди. Дагы экөө дайынсыз болууда.


.

Эң көп окулган жаңылыктар