15:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка ар бир төртүнчү аял кабылат

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка ар бир төртүнчү аял кабылат. Бул тууралуу гендердик саясат боюнча улуттук кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУнун маалыматына шилтеме берип билдирди.

Ал билдиргендей, өлкөдө аялдар менен балдардын укуктары керектүү деңгээлде корголгон эмес.

Зордук-зомбулуктун географиялык жана социалдык-экономикалык чеги болбойт. Тилекке каршы, Кыргызстан аялдар менен балдары зомбулукка кабылган өлкөлөрдүн катарын толуктайт

Мухаммедкалый Абылгазиев

Маалым болгондой, 2005-жылы 4 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулукка тушуккан учур катталса, былтыр бул көрсөткүч 7 миңден ашты. Алардын ичинен 52 бала зордук-зомбулуктун курмандыктарына айланган.

Эң көп окулган жаңылыктар