21:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкектин жаңы вице-мэри ким боло турганы маалым болду

Бишкектин жаңы вице-мэри ким боло турганы шаардык кенештин сессиясында маалым болду. Төрага Алмаз Кененбаев Айгүл Рыскулованын кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын эскертти.

«Мэр Албек Ибраимов бул кызматты депутаттардын ичинен кимдир бирөө ээлесин деген сунушун айтты. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Асел Куланбаева социалдык блок боюнча вице-мердик кызматка келүүгө даяр экендигин билдирди. Мен анын талапкерлигин мэрге көрсөтөм», -деди ал.

Албек Ибраимов Асел Куланбаеваны вице-мэрдик кызматка алуу тууралуу буйрукка эртең кол коет.

Эң көп окулган жаңылыктар