22:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Төрт айда 244 курулуш компаниясына лицензия берилген

Төрт айда Кыргызстандын аймагында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 244 компанияга лицензия берилген, алардын 162си алгачкы жолу алгандар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, юридикалык ишканаларга 236 лицензия берилсе, жеке ишканаларга 8 лицензия берилген.

Алгач 162 уюм лицензияга ээ болгон, алардын ичинен 8и жеке ишканалар.

— Бишкек — 132;

— Чүй облусу — 23;

— Талас облусу — 7;

— Исык-Көл облусу — 17;

— Ош облусу — 42;

— Баткен облусу — 5;

— Жалал-Абад облусу — 12;

— Нарын облусу — 6.

Эң көп окулган жаңылыктар