07:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кумсадан акча доолаган милиционерлер 20 миң доллар айыппулга жыгылышты

Үч киши, анын ичинде эки милиция кызматкери кумсаны шантаж кылганы үчүн 165 миң сомони (20 миң АКШ доллары) айыппулга жыгылды. Бул тууралуу Сино райондук соту өкүм чыгарды.

Маалыматтарга караганда, майор Шорамазон Боронов, капитан Нарзулло Асламзод жана алардын шериги Диловар Мирзоев 55 миң сомониден айыппул төлөшү керек. Сексуалдык азчылык өкүлүнө шантаж жасоону уюштурган милиция кызматкерлеринин бири, капитан Оятулло Сайфиддинов издөөдө жүрөт.

Тартип сакчылары сексуалдык өзгөчөлүгүн ачыкка чыгарбоо үчүн кумсадан 5 миң сомони (600 миң АКШ долларынын тегереги) акча талап кылышкан. Төртөө тең былтыр январдын соңунда 3 миң сомони алып жаткан учурда кармалышкан. Ага чейин кумса 2 миң сомнини бергенин билдирген.

Жабырлануучу соттун өкүмүн даттанган жок. Соттолгон жарандардын туугандары дагы өкүм адилеттүү чыкты деп эсептешет.

Былтыр Тажикстан ИИМи менен Башкы прокуратурасы 370 кумса менен лесбияндын тизмесин түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар