16:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Айжамал Кабылова балдарынын атасы жана бир жылда канча ыр жаздырары жөнүндө

Авазы бийик, созолонто ырдаган секелек кыз Айжамал Кабылова дароо эле күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, «Кыз бурактын» тобун жарган ырчыга айланды. Кийин турмуш куруп, сахнадан алыстап, эки баласын чоңойтуп шоу-бизнеске кайтышы үй-бүлөлүк ызы-чуу менен коштолду. Учурда өнөрү менен баар таап, өзү эки баласын чоңойтуп жаткан Айжамал Кабылова «24.kg» агенттигине маек курду.

Айжамал Кабылованын жеке архивинен
Фото Айжамал Кабылованын жеке архивинен

— Саламатсызбы, жаздын келиши менен күйөрмандарыңыз кандай жаңыланууларды күтсө болот?

— Чыгармачылыкта азырынча олуттуу деле жаңылануу жок. Кудайым буйруса эми баштайлы деп турабыз. Азырынча той-топур менен эле алекпиз. Мен аз жана саз иштегенди жакшы көрөм. Маселен, бир жылда бир гана ыр жаздырып, бир гана клип тарттырам. Эгер ошол чыгармам элге сиңип, терең бааланса менин жетишкен ийгилигим ошол. Саны көп, сапаты аз кылып эле чампалап бир нерсе чыгара калган дагы туура эмес. Ал ашыкча гана чыгым деп эсептейм. Учурда кандай тематикадагы ырды ырдап чыксам, деген изденүүнүн үстүндөмүн. Жаңы чыгарма жаратуу аял кишинин толгоосундай эле болот. Көпкө ойлонуп, толгонуп, кыйналып жатып анан жаратасың.

— Бизде көпчүлүк ырчылар борбордо жашаганды жактырат. Сиздин Ошто жашап калганыңызга эмне себеп болду?

— Мен буга чейин беш жылдай Бишкекте жашадым. Бирок аягы келип эле кичи мекеним Ошто жашоону чечтим. Эмнеге экенин билбейм, бирок Оштон башка жакта жашагым келбейт. Ош мага өзүнүн тынчтыгы, тазалыгы менен жагат. Башка жактан келген коноктор дагы Оштун ошол жагын баалайт.

Албетте, Бишкек биздин баш калаабыз, абдан жакшы көрөм. Ал жакка бат-баттан барып турам. Бирок Ош шаарына болгон сүйүүм өзгөчө.

— Кандай ырчы экениңизди коом жакшы билет. Ал эми үйдө кандай апасыз?

— Балдарыма татыктуу эле эне болуп жатам деп ойлойм. Аларды эч нерседен кем кылбаганга аракет кылам. Окууларына аябай көңүл бурам. Кошумча курстарга жиберем. Балдарым мени тартып ырчы болбосо дагы келечекте өздөрү тандаган кесиптин мыкты адистери болсо экен деп тилек кылам. Тил үйрөткөнгө көп басым жасайм. Улуу кызым экинчи классты, уулум биринчи классты аяктап жатат. Экөө тең жакшы окушат. Мен баланы өтө эркелетип, башынан сылаган эне эмесмин, балдарымды катуу кармайм.

— Балдарга жалгыз тарбия берүү кыйын болсо керек. Өзүңүздү жалгыз сезген учурлар болобу?

— Албетте, керт башыңа балдарды тарбиялап өстүрүү өтө оор жана жоопкерчиликтүү. Кыйынчылыктар көп эле болот. Кээде эрте кетип, кеч келип балдарымды мектепке алып барганга же алып келгенге жетишпей калам. Иштерим менен жүрүп көрбөй калган кездер дагы болот. Ошондой учурларда өзүмдүн жалгыз экенимди сезем.

Айжамал Кабылованын жеке архивинен
Фото Айжамал Кабылованын жеке архивинен. Уулу жана кызы менен

— Кайын-журтуңуз балдарыңызга каралашып, атасы жардам береби?

Чынын айтканда мен алар тууралуу сөз сүйлөбөй калгам. Сүйлөгүм дагы келбейт. Балдарыма атасы эч кандай жардам бербейт. Ал адамды биз унутканбыз.

Айжамал Кабылова

— Ден-соолугуңузга, сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

— Эл адамы болгондон кийин ар дайым өзүмдү карап жүрөм. Диета кармабайм, бирок толуп же арыктап кетпегенге аракет кылам. Сулуулук салондоруна деле көп бара бербейм. Бирок кээде барып, массаж алып, терилериме кам көрүп турам. Спорт залга барсам деп пландаганыма көп болду. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп күндүз балдардан, кечкисин той- топурдан бошой албай эле бара албай жүрөм.

— Жакында балдарыңыз каникулга тарайт экен, кайда алып барып эс алдырып келейин деп жатасыз?

— Окуу жылынын башында балдарыма жакшы окусаңар жайында чет мамлекетке барып эс алып келебиз деп сөз бергем. Учурда алардын документтерин тууралап жатам. Буйруса Рамазан айы аяктап, балдарым каникулга чыккандан кийин алар кайсыл жакка десе, ошол жакка барып келебиз. Балдарым сөздөрүнө туруп жатат. Эми мен дагы берген убадамды аткарышым керек.

— Рамазан айы тууралуу сөз кылып калдыңыз, орозо кармайсызбы?

— Алгач алтынчы, жетинчи класс окуп жүргөндө кармагам. Андан кийин кармаган жокмун. Бирок акыркы үч жылдан бери үзбөй кармап келе жатам. Орозонун пайдалуу жактары абдан көп. Биринчиден ниетиң, жүрөгүң тазарат. Экинчиден ички органдарың тазаланып, ден-соолукка пайдасы чоң экен.

Айжамал Кабылованын жеке архивинен
Фото Айжамал Кабылованын жеке архивинен

— Адамдардагы кайсыл сапатты жогору баалайсыз?

— Мен туруктуулукту жана адамгерчиликти өтө жогору баалайм. Мага турмуштун кандай шартында болбосун өзүн бир калыпта алып жүргөн адамдар абдан жагат. Көрбөгөндүн көргөнү курусун дегендей, башына дөөлөт келсе жети атасын тааныбай калгандар бар. Ошондойлордон Кудай сактасын.

— Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик!

Эң көп окулган жаңылыктар