14:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Күлүп кой». Гүлнара Тойгонбаеванын чыгармачылыгы эмнеге экинчи планга жылды?

Гүлнара Тойгонбаеванын жеке архивинен
Фото Гүлнара Тойгонбаеванын жеке архивинен

«24.kg» агенттигинде бул жолу Кыргызстандын эмгек сиңирген ырчы айымы Гүлнара Тойгонбаева конокто болуп, чыгармачылыгындагы өзгөрүүлөр жана бактылуу жашоо сырлары менен бөлүштү.

— Саламатсызбы Гүлнара эже, акыркы учурларда көп көрүнбөй калдыңыз, чыгармачылыктан чарчадыңызбы?

— Туура айтасыз, акыркы учурларда чындап эле көп чыкпай калдык. Бирок бул чыгармачылыктан чарчадым дегенге жатпайт. Анткени учурда болгон күч кубатымды KGтай балдар долбооруна арнап жатам.

Быйыл буйруса үчүнчү сезону эфирге чыгып жатат. Бул жөн гана балдар сынагы эмес, балдарга арналган чоң бир долбоорго айланып бара жатат. Кеңейтип, балдарга чыгармачыл аянт түзүп, алардын чоң сахнага чыгуусуна шарт түзүп келе жатабыз. Биздин долбоор аркылуу эл аралык сынактарда жеңүүчү болгондор дагы арбын.

Гүлнара Тойгонбаева

— Балдар долбоорун ачууңузга эмне түрткү болду?

— Чындыгында мен бул долбоорду баштап жатканда бизде балдарга көңүл бурулчу эмес. Мына ошол жагдайды эске алуу менен балдардын долбоорун ачууну чечкем. Мен баштаган соң балдарга арналган берүүлөр абдан көбөйдү. Менин артымдан туурагандар көп болду десем жаңылышпайм. Бирок бул жакшы көрүнүш деп эсептейм. Анткени келечек балдардыкы. Алар эрезеге жеткенде коомду өнүктүрүүгө салым кошкон, билимдүү, илимдүү жаштар болуп чоңоюшу керек. Ал эми улуу муун аларга жол көрсөтүүбүз шарт.

— Чыгармачылыгыңызда жаңылануулар болобу же азырынча экинчи планга жылып кеттиби?

— Кудай буйруса жакында жакшы ыр жаздырайын деген планым бар. Жаңы ырларым бар, бирок ырдап чыгып, элге жайылтууга кол жетишпей жатат. Сиз айткандай чыгармачылыгым экинчи планга жылып кетти. Бирок быйыл жетиштүү деңгээлде көңүл бурайын деп жатам.

— Сиздин атыңызды укканда көпчүлүк шайыр, жайдары айымды элестетет. Адам позитивдүү болуш үчүн өзүн кантип тарбиялашы керек?

— Мунун сыры эн эле жөнөкөй. Ар бир адам өзү менен өзү иштеп, жан дүйнөсүн тазартып, аны жаңылоого аракет жасашы керек. Өмүр ансыз деле кыска. Күйүп-бышсаң деле маңдайга жазган нерсе болот. Андыктан дүйнөгө болгон көз карашты жакшы жагына өзгөртүп, айлана-чөйрөгө, коомго, балага, чоң кишиге деги эле бардык нерсеге туура мамиле кылууну үйрөнүү керек. Ошондо гана адамдын аурасы тазаланып, анын иши оңолот.

— Жай мезгили дагы жакындап калды. Кайда барып эс алып келсем деген планыңыз бар?

Чынын айтсам азырынча тигил же бул жакка барып эс алам деген планым жок. Бирок акыркы үч жыл аралыгында тынбай, катуу иштегендиктен чарчадым.

Мен үчүн эс алуу деген жумуштан алыстап, ээн жерге жалгыз барып мээни сергитүү. Менимче адам өзү жалгыз калганда жакшы эс алат. Учурда мага ошондой эс алуу керек болуп турат.

— Ден-соолугуңузга кантип кам көрөсүз? Спорт менен машыгасызбы?

— Мектепте окуп жүргөндө баскетболду аябай ойночумун, азыр волейболго берилип кеттим. Учурда Волейбол федерациясынын алдында «Апалардын лигасы» деген топ бар. 3 айдан бери ошол топко мүчөмүн. Ар кандай таймаштарга катышып турабыз. Учурда баш отум менен берилип жаткан кезим. Жакшы экен, чарчаганымды унутуп, дем-күч алып турам.

Гүлнара Тойгонбаеванын жеке архивинен
Фото Гүлнара Тойгонбаеванын жеке архивинен

Маегиңизге рахмат!

Эң көп окулган жаңылыктар