02:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ырчы Эркин Мукашев дүкөндөгү сатуучу кызды коркуткан эмесмин дейт

Белгилүү ырчы Эркин Мукашев Владимир Цай тартып алып, интернетке жайгаштырган тасмадагы окуянын чоо-жайын «24.kg» агенттигине түшүндүрдү.

Анын айтымында, ырчы дүкөндүн туруктуу кардары. Кожоюуну жана сатуучулар менен дагы достук мамиледе.

«Ал күнү дүкөндөн мага чалып, сумкалар келгендигин айтышты. Менин өзгөчө сумкаларды жактырарымды билишет. Мен ал кыз менен тамашалашып сүйлөштүм. Владимир Цай болгон окуяны толук бербей, кесип алып, бурмалап салыптыр. Мен дүкөнгө кайра барып, кыздар менен сүйлөштүм. Алар милициянын көзүнчө менин коркутканымды жокко чыгарышты» — дейт ырчы.

Эркин Мукашев бул окуя жана интернеттеги кызуу талкуу үй-бүлөсүнө кедергисин тийгизгенин белгиледи.

«Мени аялым менен ажырашып, ошого кыжырланып жүргөндүктөн ушундай кырдаалга туш болду» — деп жазышыптыр.

Интернеттеги маалыматты балдарымдын классташтары дагы окуп, ал бүгүн мектепке барбаптыр. Мектепте «ата-энең ажырашкан турбайбы» деп айтып, кемсинткендер болуптур. Аялым ыйлап, 8 жашар баламды башка мектепке котором дейт. Мен али ажыраша элекмин. Болгону таарынышып кеткенбиз

Эркин Мукашев

Эскерте кетсек, Владимир Цай Facebook баракчасына жайгаштырган видеосунда Эркин Мукашев сатуучу кызды атып салам деп коркутканы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар