Республикалык «Жаш таңдай — 2026» айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаш төкмө акындар катышты.
- Баш байге — Актилек Кулпейишов;
- I орун — Фарида Султанжанова;
- II орун — Кубаныч Жамадилов;
- III орун — Сыймык Искаков.
Ошондой эле жаш акындарды колдоо максатында атайын сыйлыктар ыйгарылды:
- Байэл Макулбековго «Кең-Арал» коому тарабынан Өзбекстанга жолдомо;
- Айтурган Суранчиевага «Музыка» телеканалы тарабынан Өзбекстанга жолдомо;
- Баяман Шакеновго «Музыка» телеканалы тарабынан сыналгы тапшырылды.
Белгилей кетсек, айтыш президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында кыргыз улуттук «Манас» театрынын демилгеси менен өткөрүлдү.

