15:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ырчы Эркин Мукашев сатуучу кызды атып салам деп коркутту

23- апрелде активист Владимир Цай өзүнүн Youtube каналындагы баракчасына видео жарыялады. Анда ырчы Эркин Мукашевдин шаардагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген кызды коркутуп жатканы тартылып алынган.

Видеодо Мукашев сатуучуга карата өзүнүн нааразычылыктарын билдирген. Кыз жооп кайтарган кезде ырчы кызды айдай чак түштө атып кете турганын же арматура менен жаткыра чабаарын айтып коркуткан.

Аны тарып алган Владимир Цай ырчы кеткенден кийин кыздын жанына барып маалыматты тастыктоону суранган. Кыз белгилүү ырчы Эркин Мукашев тарабынан коркутуу болгонун айткан. Бирок сатуучу азырынча укук коргоо органдарына кайрылуу ниети жок.

Эң көп окулган жаңылыктар