Сингапур Кыргызстанда күн панелдерин чыгарууну жолго коюуну көздөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Sunvera Solar» компаниясы биздин өлкөдө кубаттуулугу 2 гигаваттка чейин жеткен күн панелдерин чыгаруучу өндүрүш курууну пландаштырууда.
Тараптар ошондой эле кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, жогорку технологиялык өндүрүштү локалдаштыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жашыл энергетика тармагындагы кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдирип, инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун шарттарын баалоо жана мүмкүн болгон өндүрүш аянттарын изилдөө боюнча ишти улантууну макулдашты.
«Sunvera Solar Pte. Ltd.» — 2025-жылы катталган жеке компания. Ачык маалыматтарга ылайык, ал дүң соода жана консультациялык кызматтар менен алектенет. Компаниянын ишке ашырылган энергетикалык долбоорлору жана өндүрүштүк кубаттуулуктары тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

