21:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тажикстанда салафизм идеасын жайылткан имам 6 жылга соттолду

Апта башында Тажикстандын Хужанд шаардык соту жергиликтүү имамды тыюу салынган салафизм кыймылынын идеаларын жайылтууга күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты.

35 жаштагы Абдулло Сайдуллоев 2004-2007-жылдары Сауд Арабиядагы медреселердин биринде диний билим алып, мекенине келип «Сари санг» мечитинин имам-хатиби болгон.

Сотто аталган мечитке барып жүргөн адамдардын бири көрсөтмө берип, Сайдуллоев чынында эле салафиттерче намаз окуп, башкаларды дагы ага үгүттөп келгенин билдирди. Сотто айыпталуучу акыркы сөздөн жана адвокаттан баш тартты.

Сайдуллоев былтыр октябрда кармалып, үйүнөн тыюу салынган диний китептер табылган. Учурда анын эки бир тууганы издөөдө. Айрым маалыматтар боюнча, алар араб өлкөлөрүнүн биринде жүрүшөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2016-жылдан бери Согди облусунда өлкөдө тыюу салынган уюмдарга мүчө деген айып менен 20дан ашык дин кызматкери кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар