22:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Абдил Сегизбаев: Өз чечимдерим үчүн эч качан өкүнбөйм

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев «Дело №» гезитине берген маегинде эмне себептен кызматтан кеткенин айтып, анын өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу имиштерге чек койду.

Сегизбаевдин айтымында, УКМКнын жетекчилигинен кетүү ал үчүн күтүүсүздөн болгон жок. Ал мекемени жетектеп турганда милдетин так аткарганын айтат. Бирок иштен кетүүсүнүн негизги себебин ачыктаган жок.

«Мен ар бир кылган ишим үчүн отчёт бердим. Өз чечимдерим үчүн эч качан өкүнбөйм. Биздин аткаминерлер кадыр-баркы менен кетүүгө үйрөнүүсү керек», — деди Абдил Сегизбаев.

Ошондой эле Сегизбаев өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматты четке какты. Учурда ал Кыргызстанда жана коомдук иштерден алыстабай турганын айтты.

2017-жылдагы президенттик шайлоонун тынч өтүшүн ал жетекчилик кызматта тургандагы жетишкендиктеринин бири катары баалады.

Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси кызматынан 2018-жылдын 7-апрелинде кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар