01:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте мүрзөдөгү жайдын баасы депутаттын оозун ачырды

«Мүрзө мафиясы элдердин азасынан акча табууда» — деп билдирди депутат Ирина Карамушкина бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.

Эл өкүлү Байтик айылына курулган жаңы мүрзө дагы он жылга жетерин белгилеп өттү. Анын маалыматында, сөөк коюу үчүн жарандар 100 миң сом төлөөгө аргасыз.

«Бул өзү менчик аймакпы, же муниципалдыкпы? Жер казгандар дагы кошумча акча сурашат экен. Акча үчүн эч кандай квитанция да беришпейт экен» — дейт Ирина Карамушкина.

Депутат шаарда крематория ачуу зарылдыгын айтты.

«Чоң-Арыктагы мүрзө толуп, жолго көмүп жатышат. Ал эми Гроздь айылында мүрзөгө деп бөлүнгөн жер саз» — дейт ал. Ж

Эң көп окулган жаңылыктар