00:25
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Айзада Жамгырчиева: Журналисттик билимимди шоу-бизнеске арнаганыма өкүнүп кетем

жеке архивден
Фото жеке архивден. Айзада Жамгырчиева

Белгилүү теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева «24.kg» агенттигинде конокто болуп, чыгармачылыгындагы, жашоосундагы жаңылыктар менен тең бөлүшүп, биздин журналисттер менен маектешти.

— Айзада, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат? Кандай жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыз?

— Менин 6 жылдык журналисттик билимим бар. Андыктан чыныгы журналист катары автордук аналитикалык программа алып чыксамбы деген ойдомун. Учурда ошол программанын үстүндө иштеп жатам. Кудай буйруса сентябрда эфирден көрүп каласыздар. Ага чейин дагы бир музыкалык долбоордун үстүдө иштеп жатам. Жакында Музыка телеканалынан чыгат. Андан тышкары өзүмдү алгачкы ирет тасма талаасында сынап көрдүм. Жакында эле мен тартылган тасма жарыкка чыкты. Ошол себептен боштукка убакыт жок.

жеке архивден
Фото жеке архивден. Айзада Жамгырчиева

— Автордук аналитикалык программамды даярдап жатам дедиңиз, программаңыз кайсы багытта? Шоу программалардан аналитикалык программага өтүп кеткениңизге эмне себеп болду?

— Бала кезимден диктор болууну кыялданып келчүмүн. Кийин бир-эки телеканалга барсам алар келбетиң жакшынакай, сүйлөгөнүң жакшы экен. Бирок биз сенден шоу-бизнес алып баруучусун көрүп жатабыз,- деген кеңештерин айтышкан. Ошондон бери маданий, көңүл ачуучу программаларды алып барып келем. Чынын айтсам буга чейин журналисттик билимимди шоу-бизнес тармагына арнаганыма бир аз өкүнүп кетем. Ошол себептен өзүмдүн автордук программамды алып чыгууну чечтим.

Чыныгы журналисттин бирден бир максаты- бул автордук программаларды даярдоо деп ойлойм.

Ал социалдык багыттагы кайрымдуулук программасы. Бизде жардамга муктаж инсандар абдан көп, мен аларга жардам берүүнү чечтим.

— Чыгармачылыгыңыз жаңылыктарга бай экен. Ал эми жеке жашооңузда кандай жаңылыктарыңыз бар?

— Аял заты үчүн эң маанилүүсү нерсе үй бүлө куруу деп эсептейм. Келечекте буйруса баатыр эне болом деп кыялданам. Негизи чыгармачыл инсандар эркиндикти жакшы көрөбүз. Андыктан мага мени тыйып — кыспаган, тескерисинче колдоп, жөлөк боло турган мырза керек. Жашоону түшүнгөн чыныгы менин адамым табылса, турмуш курганга даярмын.

жеке архивден
Фото жеке архивден. Айзада Жамгырчиева

— Сиздин адамыңыз кандай сапаттарга ээ болуусу керек? Мырзалардагы кандай сапаттарды жогору баалайсыз?

— Эң негизгиси жөнөкөй жана тарбиялуу болсун. Мен билимден дагы тарбияны өйдөрөөк коём. Ошол себептен чыныгы мырзалык сапатка ээ, эрктүү жигиттер жагат.

Кыздар ак боз ат минген жигитти кыялданып, турмушка чыкпай жүрө беребиз. А бирок чыныгы турмушта ак боз ат эмес, эшек минген бирөөгө тийип калышыбыз мүмкүн. Андыктан жашоо биз ойлогондой боло бербейт. Мен үчүн эң негизгиси ыйманы жана тарбиясы бекем мырза болсо болду.

Айзада Жамгырчиева

— Эс алуу күнүңүздү кантип өткөрөсүз жана сулуулугуңузга кандай кам көрөсүз?

— Мен жумушумдан эс алам. Жумуш кылгандан, эфирге чыккандан, жакшы программа жасагандан эс алам. Эл менин программамды көрүп, ошону кеп кылса мен үчүн ошол эс алуу, ошол чоң дем. Алдыга жылуу үчүн чоң өбөлгө. Менин эс алганым жумушта жүргөнүм. Программаны даярдоо, көпчүлүк менен баарлашып, пикир алмашуу мага рахат тартуулайт. Эс алуу үчүн атайлап эч жакка барбайм. Кээде шардагы кафелердин бирине барып жалгыз отуруп, өзүмө жаккан нерсени жеп, социалдык түйүндөргө кирип жаңылыктарды окуп өзүмдү алаксытам.

Ал эми келбетиме ашыкча деле кам көрө бербейм. Кудай берген сулуулук менен жүргөндү жакшы көрөм. Болгону жеген тамагымды көзөмөлдөп, туура тамактанууга аракет кылам.

Айзада Жамгырчиева

Маегиңизге рахмат, ийгилик!

Эң көп окулган жаңылыктар