08:41
USD 69.85
EUR 78.66
RUB 1.03

Таласта имамдар топ тээп жарышты

Таласта дин кызматкерлери арасында футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Таймашка диний окуу жайлардын кызматкерлери, имамдар жана казыят курамы катышты.

Оюндун жүрүшүндө баш байгени үчүнчү ирээт Бакай-Ата райондук хатибияты жеңип алды.

Талас шаарынын баш имамы Алтынбек ажы Бешкемпиров оюнга катышкан бардык дин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

"Футбол мелдеши ортодогу ынтымак менен биримдикти, достук менен хатибияттар ортосундагы алаканы жакшыртат",- деген пикирин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар