01:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 11 тонна картошка кармалды

Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 11 тонна картошка кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан К.К.У. аттуу Баткендин тургуну башкарган авто унаа токтотулуп, текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда тийиштүү документтери жок Тажикстандан ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11025 кг түзгөн картошка табылган. Кармалган товардын жалпы суммасы 198 450 сомду түзөт.

Иштин материалдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөзүлүп берип, 70 437 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума