17:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек жылуулук электр борборундагы бир видеокамеранын баасы 300$ турат

Бишкек жылуулук электр борборундагы бир видеокамеранын баасы 300$ турат. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасы билдирди.

Жалпы Бишкек жылуулук электр борборуна видеокамераларды орнотууга 1 млн 738 503 доллар сарпталган. Анын ичинде жабдуулар үчүн 1 млн 94 миң 951 доллар коротулган.

«ТВЕА компаниясы көрсөткөн баалар боюнча, 128 видеокамеранын жалпы баасы 38,4 миң доллар. Ар бир видеокамеранын баасы 300 доллар. Жылуулук электр борборуна видео көзөмөл орнотуш үчүн жумшалган каражаттын калган бөлүгү программаларга, кабелдик зымдарга, серверлерге жана аларды монтаждоо иштерине сарпталган. Мындан тышкары, от казандын ичине эки атайын видео камераны орнотуу үчүн да акча коротулган», — ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.
Маалымат катчы билдиргендей, келишим боюнча ТВЕА баалардын толук тизмесин берүүгө милдеттүү эмес, бул маалыматтар экинчи тараптын талабы менен чечмеленген.

Бишкек ЖЭБинин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу айрым маалымат каражаттарына Жылуулук электр борборун жаңылоодо алынган айрым аспаптар да өз баасынан бир нече эсе кымбатка сатылып алынганын, бир эле аттиштин баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айтып чыкты. «Электр станциялары» ишканасы Өмүркул уулунун бул маалыматын тактап жатканын билдирүүдө.

Социалдык түйүндөрдө Бишкек ЖЭБине 128 видеокамера орнотуш үчүн 1,8 млн. доллар сарпталганы тууралуу маалымат кызуу талкууланып, нааразылык туудурган эле.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген ири суммадагы каражаттын максаттуу сарпталганы жөнүндө суроо жараткан.

Жылуулук электр борборун жаңылоодо жана кытайлык TBEA компаниясы менен келишим түзүүдө кемчиликтер орун алганын Эсеп палатасы жана депутаттык комиссия аныктаган. ЖЭБди жаңылоого берилген 386 млн. доллар Кытайдын Кыргызстанга берген карызы болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар