20:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ажылыкка барууну шарттары: Кимге зыярат кылууга тыюу салынат?

Бүгүндөн баштап, Меккеге зыяратка барууну каалагандарды каттоо башталды. Каттоо 23-февралга чейин уланат. Мусулмандар дин башкармалыгынын билдирүүсүндө ажылык талаптары өзгөргөн жок.

Болгону быйыл жаңы биометриялык паспорт менен гана каттоо жүрөт. Быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга квотаны былтыркыдан 640 кишиге көбөйтүп, 5485 орун бөлду.

Белгилей кетсек, быйыл Тажикстан ажыга баруу шарттарын катаалдантты. Бийлик кедей-кембагалдарга зыяратка барууга тыюу салынды. Андан тышкары, 40 жаштан ашкандарга гана Меккеге сапар алууга уруксат берилет.

Ал эми Өзбекстан былтыры коммуналдык кызматтарга карызы бар жарандарга ажыга барууга бөгөт койгон.

«Бизде өзгөчө чектөө жок. Ал эми карыздар боюнча зыяратчыларга окууларда карызын төлөп, анан жолго чыгуу кеңешин беребиз» — дейт муфтият.

Муфтият «24.kg» агенттигине каттоо шарттары боюнча айтып берди.

1

Кайсы жерде катталууга болот?

Муфтияттын облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардын 32 каттоо пункттарында жүргүзүлөт.

2

Катталуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

— 2018-жылы Ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

— Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2018 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.

— Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК банкына (ажылык-2018 счетуна) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы.

-Ажыга баруучунун жашаган жериндеги учету 2017-жылдын 20-августунан кем болбоосу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).

— Тышкы паспорту. (Биометрикалык паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.) Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2019-жылы 20-февраль айына чейин бүтүүсү жараксыз.

-Аял жанында махрам, башкача айтканда коштоп жүргөн кишиси менен гана каттала алат. Эгер, күйөөсү менен бара турган болсо, анда нике күбөлүгү, же жакын тууганы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт талап кылынат.

-3×4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. Айтмакчы, сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт. Аялдарга сүрөткө ак жана кара жоолук, эркектерге ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.

— № 086у формасындагы медициналык справка.

3

Дагы эмне талап кылынат?

- Катталган жерде сиз келишимге, персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коесуз. Ажылык визасын алуу үчүн анкетаны толтуруп, кийим өлчөмүңүздү жана байланыш номерлериңизди бересиз.

4

Ажылыкка баруу баасы канча болот?

Быйыл Кыргызстанга бөлүнгөн орундардын санын көбөйтүү менен бирге Сауд Арабия келишим наркына дагы беш пайыз кошту. Демек, ажылыктын наркы дагы кымбаттайт. Былтыры зыяратчылар 2760 долларга барышкан. Муфтият зыяратчыларга тигиле турган кийимдин наркын, авиабилет жана эмдөө баасын эсептегенден кийин гана так сумманы жарыялайт.

5

Ким ажылыкка бара албайт

- 18 жашка толо элек жаран.
- Аял өзү жалгыз
- Майып өзү жалгыз

Эң көп окулган жаңылыктар