13:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Москвада эки кыргызстандыкты өлтүрүп кетишти

Москва облусунун «Жуковский» аба майданына жакын жерде Кыргызстандын эки жаранын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМдин КМШ аймагында кылмыш менен күрөшүү бюросунун директорунун орун басары Аскат Алиев билдирди.

Анын айтымында, 37 жаштагы Ж.И.Т. жана 38 жаштагы М.М.М. 29-декабрда Москва шаарында жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келбегенин айтып, туугандары полицияга кайрылышкан. Экөөнүн сөөгү Жуков шаарындагы дарыянын жээгинен 7-январь күнү табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби