«Арман»
Казак ырчысы Кайрат Нуртас менен аялы Жылдыз Абдыкеримова чогуу тартылган тасманын бет ачары өткөн жумада Бишкекте өттү. Ага ырчы жубайы менен келип, кыргыз шоу бизнес өкүлдөрү катышты.
«Арман» тасмасына Кайрат Нуртас бир топ каражат жумшагандыгы, анда анын үй-бүлөсүнүн дагы өмүр жолу камтылгандыгы айтылат. Негизинен сюжетте белгилүү футболист менен мектеп мугалиминин махабат жолу баяндалат.
Тасма Бишкектеги баардык кинотеатрларда 18 жаштан жогоркулар үчүн көрсөтүлө баштады. Баасы: 80-150 сом.
«Бажарики2»
Амантур Ормукеев «Бажарики» тасмасынын уландысын тартты. Мында бажалар кайын-атасы менен кайын-энесинин маараке тоюн өткөрүп берүүгө камынышат. Бирок, күйөө балдары аялдарындай эле ата-энеси ажырашып кеткенин билишпейт.
Үй-бүлөлүк кызыктуу комедия 90 мүнөткө уланып, жаш курагы боюнча чектөө жок.
«Бунт»
«Бунт» дагы ырчы, куудул жана тамашоучулдардын катышуусунда тартылган комедия. Анда бир үй-бүлөнүн үч түрлүү баласы жана келиндеринин окуялары, карым-катнаштары, кайынэненин, кайынэженин орду тартылган.