Борбор Азиядагы белгилүү ырчы Кайрат Нуртас үй-бүлөсүн эл алдын алып чыгып, эки уулу менен эки кызы бар экенин элге көрсөттү.
Үй-бүлөсү Астанда жана Алма-Ата шаарында өткөн концерттерге катышты. Ырчы уулу менен ыр ырдап, кыздары бийлешти.
Белгилей кетсек, Кайрат Нуртас он жылдан кийин гана үй-бүлөсү бар экенин айтып, аялын элге тааныштырган. Жылдыз Абдукаримова жолдошу менен бирге «Арман» аттуу тасмага тартылды.