19:31
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Борбор Азияда эң март адамдар Өзбекстанда жашайт

Борбордук Азиядагы эң март адамдар Өзбекстанда жашайт. Бул тууралуу World Giving Index 2017 кайрымдуулуктун дүйнөлүк рейтингинде маалымдалат.

Өзбекстанда мында 38-орунда турат. Бул өлкөнүн жарандарынын 40 пайызы кайрымдуулуктун ар кандай түрү менен алектенишет.

Тажикстан 50-орунда, калкынын 36 пайызы муктаж болгондорго кол сунууга даяр. Түркменстандыктардын 33 пайызы кайрымдуулук акцияларына катышат. Бул өлкө 69-орунда,

Кыргызстан 85 орунда, Казакстан 87де. Эки өлкөнүн жарандарынын 30 пайызы гана кайрымдуулук жасайт.

Айтмакчы, бул рейтингде төрт жылдан бери Мьянми биринчи орунда турат. Калкынын 91 пайызы кирешесинин бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшайт. Кийинки орунда Индонезия жана Кения.

Эң көп окулган жаңылыктар