00:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда илбирсти өлтүргөндөргө 1,5 миллион сом айып пул салынат

Кыргызстанда илбирсти өлтүргөндөргө 1,5 миллион сом айып пул салынат. Бул тууралуу Илбирсти коргоо эл аралык форумунда Айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агентигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди. 

Анын айтымында, 18-августта Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү күчүнө кирди. 

«Браконьерлер эми илбирстин тересин таап алышканын айта алышпайт. Анткени, терисин илип койгон жайдын, үйдүн ээсине дагы айып салынат. Мурда 500 мин сом болсо, эми 1,5 миллион сом төлөшөт» - деди Абдыкалык Рустамов. 

Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн эртең Илбирсти коргоо эл аралык форуму өтөт. Ага 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума