Балыкчы — Чолпон-Ата жолундагы кырсыкта эки киши мерт кетти. Анын бири 12 жашар кыз. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жолдун 40- чакырымында «Тойота Ист» менен «Хонда Стрим» сүзүшүп кеткен. 1972-жылы төрөлгөн аял жана 2005-жылкы кыз жайында набыт болду.