16:34
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Масалиев Чүй проспектисин Сталиндин ысмына өзгөртүү демилгечилерин сотто коргойт

Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттик партиясынын лидери Исхак Масалиев Чүй проспектин Иосиф Сталиндин атына өзгөрдүү үчүн кол топтоп жаткан демилгечилердин кызыкчылыгын сотто коргойт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине «Солчул күчтөр коалициясы» бирикмесинин жетекчиси Амантур Манапбаев билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык Свердловрайондук соту коалициянын мүчөлөрү Жалил Жапиев жана Амантур Манапбаевге 1,5 миң сомдон айып салып, 8 сааттык коомдук жумушка иштөөгө өкүм кылды. Алар Административдик кодекстин «Майда бейбаштык" беренеси менен айыпталган. Амантур Манапбаев шериги менен бирге атайын тактайча даярдап, Сталин проспекти деп жазып, аны Чүй көчөсүнүн бир дарегине илип койгон. Бишкек мэриясы тактайчаны алып салышкан.

Артур Манапбаев райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылмакчы. Анын айтымында, сотто алардын кызыкчылыгын Исхак Масалиев коргойт.

Эң көп окулган жаңылыктар