06:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажикстанда бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды

Тажикстанда мобилдик операторлорго бир адамга экиден көп сим-карта сатууга тыюу салынды. Бул чечимди өлкөнүн ИИМи, Улуттук коопсуздук комитети, байланыш кызматы жана мобилдик компаниялар чогуу кабыл алышкандыгын Азаттыктык тажик кызматы кабарлайт.

Тажикстандын ИИМинин басма сөз катчысы Умаржон Эмомали террордук топтордун мүчөлөрү көбүнчө башка адамдарга катталган сим-карталарды пайдаланарын, өз кезегинде бул аларды издөөдө жана тергөө иштерин жүргүзүүдө кыйынчылыктарды жарата турганын билдирди.

30-апрелде каттоо мөөнөтү аяктаган сим-карталарды кайра каттоодон өткөрүү иштери дагы терроризмге каршы күрөшүүгө байланыштуу болгон. Бирок мобилдик кызматтарды көрсөткөн компаниялар анын иштебеген сим-карталарды аныктоо үчүн жасалганын билдиришкен.

Учурда компаниялар ар бир иштебеген сим-карта үчүн ай сайын 80 дирамдан (9 центке жакын) төлөшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума