22:54
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тажик президенти кызына жогорку чин ыйгарды

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон президенттик аппараттын аткаруу бөлүмүн жетектеген улуу кызы Озода Рахмонго юстициянын мамлекеттик кеңешчиси чинин ыйгарды. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы өз маалымат булактарына шилтеп кабаарлайт.

Бул даражасынын улуулугу жагынан прокуратура жана юстиция органдарындагы эң жогорку чин болуп эсептелет. Өлкө президентинин администрациясынын сайтында бул тууралуу эч кандай маалымат жок.

38 жаштагы юридика илимдеринин кандидаты Озода Рахмон өткөн жылы Тажикстандын президенттик аппаратынын аткаруу бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалган.

Толук ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык даражасына ээ Озода ага чейин Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген, 2009-жылы өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматына дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар