19:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ата-энелерден акча талап кылган мектеп директору кызматтан алынат

Ата-энелерден акча талап кылган мектеп директору кызматтан алынат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Министр айтымында, биринчи класска кабыл алууда ата-энеден эч нерсе талап кылынбайт.

«Акчаны кандай жол менен, канчадан топторун билебиз. Ага толук тыюу салабыз. Азыр Бишкек шаарынын мэри менен биргеликте буйрук даярдап жатабыз. Ош шаарынын мэриясы менен дагы иш алып барабыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар