15:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Биринчи май райондук сотунун алдында митинг өтүп жатат

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун алдында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мурдакы министр Дүйшөн Чотоновду жана мурдакы депутат Райкан Төлөгөновду колдогон митинг өтүп жатат.

«Текебаевге эркиндик!», «Чотоновго эркиндик!», «Сот эл алдында ачык өтсүн!» — деген талаптар менен партиянын өкүлдөрү көзүнө ак кездеме байлап турушат.

Эскерте кетсек, сотто бүгүн фото-видеого тартууга тыюу салынган. Партиянын тарапташтары соттон ачыктыкты жана Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда.

Сотто саат 14.00гө чейин тыныгуу жарыяланды. Партия өкүлдөру «Альфа телеком» ишине байланыштуу коррупция беренеси менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар