16:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чоң-Арыкта шамал жана жамгырдан улам 15 көмөк чордону жарыксыз калды

Чоң-Арыкта шамал жана жамгырдан улам 15 көмөк чордону жарыксыз калды. Бул тууралуу «Түндүкэлектро» маалымдайт.

Маалыматта, 15 трансформатордук көмөк чордонуна кырсыктан улам, эртең мененки саат 7.16да жарык берүү токтотулгандыгы айтылат.

Бишкек шаарынын чыгыш райондорунда эки көмөк чордон дагы иштебей турат. Алар «Кара-Жыгач» жана «Көк-Жар» жаңы конуштарында жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар