13:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айбек Жангазиев «Кыргызфильм» киностудиясына директор болуп дайындалды

Айбек Жангазиев «Кыргызфильм» киностудиясына директор болуп дайындалгандыгын «24.kg» МАсына

өзү тактады.

Айбек Жангазиев 58 жашта. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусства институтунун театр жана кино бөлүмүн аяктаган. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер. 50дөн ашык кинолордо оператор болуп, белгилүү «Махабат Дастаны», «Ак баранын көз жашы», «Алай ханышасы» тасмаларын тартууга да катышкан.

Ага чейин киностудияны, 2012-жылдын мартынан баштап, Мукталы Бектеналиев жетектеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар