Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрүп, анын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралды.
Анда Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүңкү суу төкмөсүн куруу» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды.
Бул боюнча Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин баяндамасы угулду. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2026-2029-жылдар аралыгы. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Нарын дарыясында жайгашкан Камбар-Ата-2 ГЭСинин жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВтты түзөт. Долбоор ишке ашырылса ГЭСтеги гидроагрегаттардын жүктөмүн авариялык абалдан чыгарууда станциянын коопсуз иштөө режимин камсыз кылып, электр энергияны өндүрүүнүн кубаттуулугун жогорулатат.
Отурумда мындан тышкары электр энергия, күйүүчү-майлоочу май, коммуналдык төлөмдөргө байланышкан тарифтер, азык-түлүк баалары жана инфляция маселелери каралып, бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.

