Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда. 2026-жылга бекитилген планга ылайык, райондо 71,7 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Белгиленген графикке ылайык аткарылып жаткан иштер:
- Талды-Суу — Арал унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө жумуштары
- Түп — Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери
- Михайловка — Николаевка — Токтоян — Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
- Түп—Шаты—Ичке-суу—Талды-Суу унаа жолунда 7.2 чакырым жолу
Мындан тышкары, буга чейин асфальт басылган Каркыра — Турук — Сары-Жаз унаа жолунда жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу иштерине даярдык көрүлүүдө.

