Диетолог София Кованова aif.ru сайтына берген эксклюзивдүү маегинде кимдерге коон жегенге болбой турганын айтып берди.
Адис эрте бышкан дарбыз менен коондордо, адатта, нитраттар үч эсе көп болорун жана алар маалында бышкан мөмөлөргө караганда пайдасы азыраак экенин эскертти.
Негизинен коондун сезону салттуу түрдө жайдын аягына — август жана сентябрь айларына туура келет. Бул убакта мөмөлөр абдан бышып жетилет. Бирок, түштүк аймактарда сезон эртерээк — июлдун аягында башталышы мүмкүн.
«Коон кремнийге, калийге жана темирге бай, бирок бул кош бойлуу аялдар жана балдар аны мезгилинен тышкары убакта туруктуу түрдө жесе болот дегенди билдирбейт. Эрте бышкан коондордо пайдалуу элементтерге караганда суу жана нитраттар көбүрөөк болот», — деп белгиледи диетолог.

