20:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды.

Абдыгулов бүгүн парламентке келип президент Садыр Жапаров башка кызматка жөнөтүп жатканына байланыштуу өз ыктыяры менен арыз жазганын билдирди.

Ал Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барары күтүлүүдө.

Жыйында депутаттар анын кызматтан кетишине каршы чыгып, жогорку кызмат адамдары тарабынан басым жасалды деген шектенүүсүн айтышты. Айрым эл өкүлдөрү анын отставкасын кабыл албай коюуга да чакырган. Бирок Абдыгулов өзү чечимин колдоп берүүнү суранды.

Натыйжада 66 депутаттын 62си макул болуп, төртөө каршы болду.

Чечим чыккан соң депутаттар Абдыгуловду кол чаап, айрымдары колун кысып, кучактап узатышты.

Эң көп окулган жаңылыктар