18:52
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.13

Таштарды кулатуу. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кыймылы чектелет

13-апрелден 17-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул убакта жол жарым-жартылай жабылат.

Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат.

Жолду тазалоо учурунда жол кыймылы бир тилкеге ​​багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таштарды алып салуу токтотулуп, унаалардын өтүшүнө уруксат берилет. Маршрутуңузду алдын ала пландаштыруу зарыл.

Бул иш Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар