Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова «Ынтымак Мекенчил» парламенттик тобунан чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Эми ал эркин депутат болоорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште беш парламенттик топ түзүлгөн.

