Бүгүн, 7-апрелде мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондордун элесин эскерди.
Ал 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларынын урматына арналган «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду.
7-апрель Кыргызстанда Апрель революциясы күнү катары белгиленет. Бул 2010-жылдагы бийлик алмашууга алып келген окуяларды эскерүүгө багытталган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы массалык нааразычылык акциялары аймактарда жана Бишкекте, анын ичинде Ак үйдө кагылышуулар менен коштолгон. Нааразычылыктар жогорулашы, коррупция боюнча айыптоолор, оппозицияга кысымдын күчөшү жана бийликтин бир колго топтолушу менен шартталган. Расмий маалыматтарга ылайык, окуялар учурунда 87 адам каза болуп, 1 миң 500дөн ашык адам жаракат алган.

