11:01
USD 87.45
EUR 100.95
RUB 1.09

Азия чемпионаты: Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат

6—12-апрель күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. Аталган ири мелдеш Азия чөлкөмүнүн күчтүү балбандарын бириктирип, «Жаштык Арена» спорттук комплексинде уюштурулат.

Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы:

55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;

60 кг чейин — Курманбек Жапаров;

63 кг чейин — Автандил Таалайбек уулу;

67 кг чейин — Раззак Бейшекеев;

72 кг чейин — Амантур Исмаилов;

77 кг чейин — Акжол Махмудов;

82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу;

87 кг чейин — Асан Жанышов;

97 кг чейин — Мелис Айтбеков;

113 кг чейин — Ким Роман.

Курама команданы башкы машыктыруучу Улукбек Карачолоков жетектейт. Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев.

Эң көп окулган жаңылыктар