11:03
USD 87.45
EUR 100.79
RUB 1.09

Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөтүүдө

Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иран Ислам Республикасына 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирет.

Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардамдын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Иран Ислам Республикасына жеткирүүгө жөнөтүлдү.

Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган.

Аталган жүк КРнын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси А.Кылычевдин катышуусунда жеткирилип, Иран тарапка тапшырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар