10:24
USD 87.45
EUR 100.79
RUB 1.09

Бүгүн Бишкекте Чыгыш Казакстан облустук драма театрынын гастролу башталат

3-4-апрель күндөрү Бишкек шаарына Усть-Каменогорск шаарындагы Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры гастролу башталат. Бул тууралуу Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры билдирди.

Маалыматка ылайык, казак актерлору аталган театрдын сахнасында үч спектаклин тартуулашат.

  • «Три поросенка» (С. Михалков) — 3-4-апрель, саат 11:00;
  • «Тартюф, или Обманщик» (Ж.Мольер) — 3-апрель, саат 19:00;
  • «Женитьба» (Н.Гоголь) — 4-апрель, саат 19:00.

Билеттерди театрдын кассасынан жана расмий сайтынан сатып алууга болот.

Дареги: К.Тыныстанова көчөсү, 122.

Эң көп окулган жаңылыктар