09:27
USD 87.45
EUR 100.79
RUB 1.09

Лионель Месси 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына катышпай калышы мүмкүн

Фото Интернеттен алынды. Лионель Месси Дүйнө чемпионатына катышпай калышы мүмкүн

Дүйнөлүк Кубоктун башталышына 70 күн гана калды. Аргентина Дүйнө чемпионатына катышууга кызуу даярданып жатканда El Chiringuito гезити Лионель Мессинин Дүйнөлүк Кубокко катышуусу күмөн экенин билдирди.

Аргентинада Мессинин Дүйнөлүк Кубокко катышуусу кепилденбейт деген сезим бар. Буга чейин маалымат каражаттары Месси Дүйнөлүк Кубокко 100% физикалык жактан даяр болгондо гана катышаарын жазышкан.

2026-жылкы Дүйнөлүк Кубоктун тайпалык этабында Аргентина Алжир, Австрия жана Иордания менен беттешет.

Лионель Месси учурда «Интер Майами» үчүн клубдук деңгээлде ойнойт.

Эң көп окулган жаңылыктар