Кыргызстандын тоолуу райондорунда 3-8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын табы жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кыргызгидромет көчкү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады:
- Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу),
- Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

