Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Марлен Маматалиев 75 жарандын кайрылуусунун негизинде комиссия түзүлгөнүн, анын парламентке кантип жеткенин иликтегенин жарыялады.
Анын айтымында, 75 аксакалдын парламентке кайрылуусу боюнча коомдук талкуу уланууда.
«Журналисттер бизден бул тууралуу сурап жатышат. Мен төрага болуп иштей баштаган биринчи күндөн тартып эле анын парламентке кантип жеткенин иликтей баштаганыбызды айткым келет. Комиссия түзүлгөн.
Көрсө, кайрылуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке кароо үчүн берилген экен. Чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан күтүп, тосуп алышкан. Кат парламенттин мурдагы төрагасына анын жардамчылары аркылуу кол менен жеткирилип, андан кийин тиешелүү комитетке жөнөтүлгөн. Биз комиссиянын бардык жыйынтыктарын Ички иштер министрлигине жөнөттүк жана тергөө жүрүп жатат. Алар өз бааларын беришет», — деп белгиледи Марлен Маматалиев.
Эскерте кетсек, быйыл президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылган 75 адамдан турган топтун кайрылуусу парламентке берилип, тиешелүү комитетке жеткен. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Натыйжада, бир нече депутат мандатынан айрылган.

