12:51
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.08

Ошто коомдук транспорттун айдоочулары бирдиктүү формага өттү

Ош шаарында коомдук транспорттун айдоочулары жүргүнчүлөрдү жаңы бирдиктүү формада тейлей башташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тапшырманы Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев берген.

Бирдиктүү дресс-кодду киргизүү жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатууга жана транспорт кызматкерлеринин тартибин бекемдөөгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар