12:31
USD 87.45
EUR 101.37
RUB 1.07

КРнын эл артисти Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Өткөн аптада «Кыргыстан Республикасынын Эл артисти» наамына ээ болгон театр жана кино актёру Абдыкалык Акматов дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынан билдиришти.

Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келе жаткан актер Абдыкалык Акматов көптөн бери оор илдет менен алышып келген.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды
Абдыкалык Акматов — театр жана кино тармагында 50 жылдан ашык кызмат өтөгөн, белгилүү кыргыз актёру. Ал сахнада жана кинодо ондогон ролдорду ойноп, көрүүчүлөрдүн жана кесипкөй коомчулуктун алкоосуна ээ болгон.

Өткөн аптада Садыр Жапаров маданиятты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамын ыйгарган.

Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Эң көп окулган жаңылыктар