Ош шаарында жалпы 75 мечитте Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов "Алай«атындагы Аль-Бухари мечитинде Айт намазына катышып, жалпы эл-журтту Орозо айт майрамы менен куттукташты.
Аны менен катар эле Ал-Бухари — «Алай» мечитинин ордуна заманбап талаптарга ылайык жаңы мечиттин курулушуна старт берүү үчүн мал союлуп, бата берилди.

