09:23
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Нооруз −2026: Бүгүн Манас театрында майрамдык салтанат өтөт

20—21-март күндөрү Кыргыз улуттук «Манас» театрында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт.

Иш-чаранын алкагында улуттук оюндар көрсөтүлүп, манасчылар Манас айтып, акындардын айтышы жана дастанчылардын дастандары жаңырып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланат.

Ошондой эле майрам учурунда сүмөлөк жасалып, улуттук даамдар сунушталат.

Эртең, 21-март күнү саат 12:00дө театр сахнасында «Тайтору» спектакли коюлат.

Кирүү акысыз

Эң көп окулган жаңылыктар