09:16
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Акжол Махмудов Бишкекте өтө турган Азия чемпионатында килимге чыгат

Акжол Махмудов 2026-жылы өтө турган күрөш боюнча Азия чемпионатында күч сынашат. Бул тууралуу Күрөш федерациясы билдирди.

Эске сала кетсек, эл аралык турнир 6-12-апрель күндөрү Бишкекте өтөт.

Акжол Махмудов Кыргыз курама командасына киргизилип, 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан.

Февраль айынын аягында Албанияда өткөн рейтингдик турнирде ал 82 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан.

Азия чемпионатына чейин кыргызстандык балбан 27-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган PWL 11 турнирине катышат. Анын атаандашы учурдагы Олимпиада чемпиону, жапониялык Нао Кусака болот.

Акжол Махмудов буга чейин төрт чоңдор арасындагы Азия чемпионатында катышып, үч алтын жана бир күмүш медалды жеңип алган. 2024-жылы Бишкекте өткөн турнирдин финалында ал Нао Кусакага утулуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар